КОНФЕРАНСЬЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНФЕРАНСЬЕ́ (французча conftrencier – докладчы) – концерт номерлерин жарыялап туруучу жана алардын аралыгында өнөр көрсөтүүчү эстрада артисти. Адатта анын сахнадагы жүрүш-турушу комедиялык мүнөздө болот. Конферансье алгач XIX кылымдын 60-жылдарында Францияда, XX кылымдын 10-жылдары Россияда пайда болгон. Кырг-ызстанда алып баруучу деген ат менен тараган. Белгилүү алып баруучулар Г. Молдоева, Б. Мамытов, К. Жу­малиев жана башкалар.