КОНУСТУК БЕТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОНУСТУК БЕТ – конустун чокусу аркылуу өтүүчү ж-а берилген ийри сызыкты (багыттоочу) кесүүчү түз сызыктардын (түзүүчү) көптүгү. Эгер багыттоочусу айлана болуп, ал эми конустук беттин чокусу айлананын тегиздигинин борбору аркылуу өтүүчү перпендикулярда жатса, анда конустук бет тегерек конус деп аталат; ал чокусунда биригүүчү эки тегиздиктен турат. Конустук бет – 2-тартиптеги беттердин бир түрү. 2-тартиптеги чыныгы конустук беттин канондук теңдемеси түрүндө жазылат. Эгерде а=b болсо, анда т е г е р е к а й л а н у у ч у конустук бет деп аталат. 2-тартиптеги жалган (мнимый) конустук беттин канондук тендемеси: