КОНТЕКСТТИК ОКУТУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОНТЕКСТТИК ОКУТУУ – окуу жайлардагы окутуунун бир түрү. К. о. кесиптин чыныгы моделдерине жакындаштыруу максатында теор. ж-а практикалык жактан даярдоонун формасы да болуп эсептелет. Мындай иш көбүнесе «иштиктүү оюн» ыкмасында жүргүзүлөт да, окуучулар келечектеги адистик милдеттерин оюн формасында уюштурулган кандайдыр бир өндүрүштүк маселени чечүүгө катышуу аркылуу өздөштүрүшөт.