КОНСЕНСУС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОНСЕ́НСУС (лат. consensus – макулдук, бир пикирдүүлүк) – эл аралык конф-яларда ж-а кеңешмелерде активдүү түрдө каршылык билдирилбеген учурда, формалдуу добуш берүүнү өткөрбөстөн эле катышуучулардын жалпы макулдугунун негизинде чечимдерди же келишимдерди кабыл алуу. К. методу БУУнун бир катар органдарында кабылданган, ал өткөргөн эл аралык конф-яларда ж-а кеңешмелерде колдонулат. 1975-ж. Европадагы коопсуздук ж-а кызматташтык б-ча кеңешмеде кардиналдуу чечимдерди кабыл алуу учурунда пайдаланылган. Саясий планда алганда ар түрдүү саясий күчтөрдүн ортосундагы жаңжалдарда сүйлөшүүлөр аркылуу ар тараптан өз ара элдешүүлөргө баруу м-н бир пикирге келүү жолу.