КОНДЕНСАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНДЕНСА́ТОР (лат. condenso – тыгыздайм, коюулантам) – 1) газ (буу) түрүндөгү затты суюк же катуу затка айландыруучу аппарат. К-до буу темп-расы төмөн болгон металл бетке (беттик К.) же сууга тийгенде (контакттуу К.) конденсацияланат. К. хим. технологияда, жылуулук ж-а муздаткыч курулмаларында ж. б. кеңири колдонулат; 2) э л е к т р К-у – бири-биринен өлчөмү алардан жука диэлектрик м-н бөлүнгөн кыймылдуу же кыймылсыз эки же андан көп электроддордон турган, өз ара электр сыйымдуулукту түзгөн система. Диэлектрик катары газ, суюктук, электр өткөрбөөчү катуу заттар ж-а жарым өткөргүчтөр алынат. Диэлектриктин түрүнө жараша электрод материалы төмөнкүчө айырмаланат: кагаз, аба, карапа, плёнкалуу, слюдалуу, электролиттик К-лор. Констр-сы б-ча туруктуу ж-а өзгөрмө сыйымдуулуктагы К. болуп бөлүнөт. Радиотех. ж-а электр-тех. курулмаларда кеңири колдонулат.