КОНГЛОМЕРАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОНГЛОМЕРА́Т г е о л о г и я д а – тоголок, жумуру, сүйрү таштардын биригип камдашып, цементтелген түрү. Чөкмө тектерге кирет. Кесек бөлүкчөлөрдүн чоңдугу 1–10 смге жетет. Темир кычкылы, карбонат, чопо, кремний менен цементтелет. Кээде кум, сай таш кездешет. Кесек талкаланган жумуру, тоголок бөлүкчөлөрдүн курамына карата мономиктүү (бир түрдүү тектерден турган), пайда болушу боюнча аллювий, пролювий, көл жана деңиз чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Бардык геологиялык мезгилдерде кездешет. Катмар пайда кылышы байыркы доорлордогу тектердин талкаланышын билгизет. Курулуш материалы болуп саналат. Айрым учурда цементтеринин курамында алтын, платина жана башка чачыранды кендер жолугат.