КОНВЕРГЕНЦИЯ ЗОНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНВЕРГЕ́НЦИЯ ЗОНАСЫ – Дүйнөлүк океан бетиндеги агымдардын бири бирине кездешип, суунун чөккөн аймагы. Адатта, жылуу ж-а муз­дак суулардын кошулган жеринде пайда болот. К. з. океан табиятынын эң негизги бөлүгү ката­ры тереңдиктеги катмарын салыштырмалуу жогорку темп-ра ж-а кычкылтек м-н камсыз кылат. Дүйнөлүк океанда туруктуу 4 К. з. бел­гиленген: түн. ж-а түш. субполярдык м-н түн. ж-а түш. субтропиктик. Түш. уюлга жакын К. з. 50° ж-а 60° түш. кеңдиктердин аралыгында Жер шарын курчап жатат.