КОМПЬЮТЕР ПРОГРАММАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПЬЮ́ТЕР ПРОГРАММАСЫ , п р о г р а м­ м а л ы к ж а б д у у – компьютерди берилиш­тен маалымат иштеп чыгууга багыттоочу көрсөтмөлөр тобу. Бул көрсөтмөлөр программа­чы тарабынан программалоо тилинде жазылып сөз, символ ж-а код тобунан турат. Программа тилинин көрсөтмөсүн компьютер түшүнөт ж-а тааныйт. Компьютер программасы буйруктардан турат ж-а бери­лишти иштетип, маалымат түзүү үчүн зарыл болгон аракетти компьютерде аткартат. Про­грамма эске жүктөлөт ж-а анда компьютер ат­кара турган аракеттер аныкталат. Программа түзүлгөндөн кийин, ал баскыч топ тактасын ж-а орундарды башкаруучу түзүлүштөрдү пай­далануу м-н компьютерге киргизилет. Компью­терде анын тез эсиндеги программаны гана ат­картууга болот, эгерде программа сактагыч түзү­лүштө сакталса, анда аны алдын ала эске жүк­төп алуу керек.