КОМПРЕССОР СТАНЦИЯСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОМПРЕ́ССОР СТАНЦИЯСЫ – өндүрүш ишканаларында, магистралдык түтүктөрдө ж-а курулуш объектилеринде кысылган аба же газ алууда пайдаланылуучу агрегаттар комплекси.
Кысылган аба же газ ар кандай продукцияны
алууда (мис., абадан кычкылтекти, азот-суутек аралашмасынан аммиакты) энергия булагы же сырьё катары колдонулат. К. с-нын курамына компрессорлор ж-а көмөкчү жабдуулар м-н түзүлмөлөр – (кысылган газ сакталуучу көлөмдүү идиш, газ чогулткуч, суу бергич ж. б.) жайгаштырылган инж. коммуникация тармагы (муздак, ысык суу, буу жүргүч, канализация), негизги имарат, трансформатор подстанциясы, о. эле тиричилик бөлмөлөрү кирет. К. с. отко чыдамдуу материалдар м-н жабылып, күйбөй турган тосмо м-н бөлүнгөн өзүнчө имаратка жайгаштырылат.