КОМПОСЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОМПОСЕ́ (лат. compositus – үлүштүү) – түрдүү орг. заттардын аралашмасынын микроорганизмдердин таасири м-н чиришинен алынган жер семирткич. К-тоо үчүн шакел, чым көң, кык, чыла, таштандылар пайдаланылат. К. семирткичте сиңимдүү азык заттар (азот, фосфор, калий ж. б.) көбөйүп, илдет пайда кылуучу микрофлора м-н гельминттен зыянсыздандырылат, целлюлоза, гемицеллюлоза ж-а пектин заттары азайып, жер семирткичтин физ. касиети жакшырат. К-тун чым көң-кык, чым көң-чыла, кык-фосфорит, кык-суперфосфат сыяктуу бир нече түрү бар. Шаар таштандыларынан да К. даярдоого болот. К. бардык эгилме өсүмдүк үчүн түрдүү топуракта (гектарына 15–40 т) колдонулат.