КОМПЛЕКСТҮҮ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР
КОМПЛЕКСТҮҮ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР – курамында ар кандай катышта эки, үч же андан көп азык элементтери (азот, фосфор, калий ж-а микроэлементтер) бар жер семирткичтер. Комплекстуу жер семиркичтер азык элементтеринин санына жараша экилтик (азот-калий, калий-фосфор, азот-фосфор) ж-а үчилтик (азот-фосфор-калий) деп бөлүнөт.
Өндүрүп алуу ыкмасына жараша татаал, татаал аралашма ж-а аралашма, агрегаттык абалы боюнча – суюк ж-а катуу болуп да айырмаланат. Татаал Ккомплекстуу жер семирткичтрге аммофос, диаммофос, калий селитрасы, полифосфаттар таандык. Татаал аралашма комплекстуу жер семирткичтер экиден кем эмес азык заттардын\ камтыйт да, бирдиктүү технологиялык процесстин негизинде аммиактын, фосфор, азот ж-а күкүрт кислоталарынын, аммоний нитратынын эритмесинин, фосфориттин ж-а аппатиттин, калий туздарынын ж. б. алгачкы компоненттеринин химиялык өз ара аракеттенүүсүнөн алынат. Буларга нитрофоска, нитроаммафос, мочевина фосфаты, фосфор амиди кирет. Аралашма жер семирткичтер эки, үч жөнөкөй жер семирткичтерди механикалык жол м-н аралаштыруудан алынат. Мында семирткичтерди аралаштыруу эрежесин туура сактоо талап кылынат.
Ад.: Войтович Н. В., Андреев С. С., Шафран С. А.Ассортимент минеральных удобрений и экономическая эффективность их применения. М., 2005.
Н. Дүйшөмбиев.