КОМПИЛЯТОР
КОМПИЛЯ́ТОР (англ. сompiler), т р а н с л ят о р – ЭЭМдин алгоритмди программалоонун бир тилинен экинчисине, б. а. машина тилине
автоматтык которууга арналган программасы. Эгерде интерпретатордо ЭЭМге киргизилип жаткан программанын ар бир буйругу (оператор) киргизилери м-н машина тилине которулса, ал эми К-до программа толук киргизилгенден кийин гана машина тилине которулат. К. баштапкы программаны объективдүү программага которуу учурунда баштапкы программанын синтаксиси ж-а эсептөөдө же салыштырууда колдонулуучу берилиштер программада аныкталгандыгын текшерет. К. баштапкы коддо жазылган программадагы программалоо тилинин эрежелери ж-а синтаксиси бузулган көрсөтмөлөр тизмесин түзөт. Тизме баштапкы программада зарыл болгон оңдоолорду жүргүзүүгө ж-а программаны түзөтүүдө программачыга жардам берет.