КОММУТАТИВДИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММУТАТИВДИК (лат. commutativus) – о р у н а л м а ш т ы р у у з а к о н у – а+b= =b+а, аb=bа теңдештиктери м-н туюнтулган сан­дарды кошуу ж-а көбөйтүү касиети, б. а. бинар­дык алг. амалдарды канааттандыруучу закон.
Эгер а.b= b.а болсо, а.b амалы жалпысынан К. деп аталат. К. касиеттери көп мүчөлөрдү ко­шуу ж-а көбөйтүү учурларында аткарылат; век­тордук көбөйтүндүдө [a, b] = – [b, a], матрица­ларды көбөйтүүдө, сандарды бөлүү ж-а кемитүүдө (a:b =b:a; a – b = b – a) К. аткарылбайт.