КОММУНИЗМ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММУНИ́ЗМ ЧОКУСУ (1962-ж. чейин Сталин атн. чоку) – Памирдин эң бийик чокусу, Илим­дер Академиясы кырка тоосунда (Пётр Бирин­чи кырка тоосу м-н ашташкан жерде). Бийикт. 7495 м. Капталдарында жалпы аянты 136 км2ге жеткен ири фирн талаалары, мөңгүлөр (Бивач­ный, Гармо, Памир фирн платосу) бар. Альпи­низм өнүккөн; чокуга алгачкы жолу (1933) сов. альпинист Е. М. Абалаков чыккан. Тажикстан­да. 1999-ж. тажик мамлекеттүүлүгүнүн алгач­кы негиздөөчүсү Исмаил Саманинин аты берил­ген.