КОМЕДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМЕ́ДИЯ (грекче kõmõdia) – драмадагы жанр, күлкүлүү, тамашалуу жана сатиралык мазмунда­гы драмалык чыгарма; трагедиянын карама-­каршысы. Байыркы Грекияда «комедия» термини адегенде шайыр ыр деген маанини туюндурга, финалы бактылуу аяктаган чыгарманы комедия деп аташкан. Комедиянын каарманы, эреже катары, тө­мөнкү катмардагы адамдар болгон. Классицизм­ге чейинки көп поэтикаларда комедия «пас» жанр катары каралган. Комедия XIX кылымда, айрыкча XX кылымда эркин жана көп кырдуу жанрга айланган. Комедияда

Т. Абдумомунов, «Машырбек үйлөнөт». Машырбек – М. Токтобаев, Шакыйна – К.Муратова. 1977.

коомдук идеалга же ченемге сыйбаган терс көрүнүштөр, кыял-жоруктар сындалат, шыл­дыңдалат, ошондуктан ага юмор, ирония, сати­ра да мүнөздүү болуп, кандайдыр бир мазмун сыйдырылат. Комедиянын диапазону өтө кеңири: ал саясий сатирадан жеңил водевилдик юморго че­йинки жанрды камтыйт. Коомдук-саясий сати­раны жараткан Аристофанды комедиянын атасы деп аташат. Дүйнөлүк адабиятта комедиянын өнүгүшүнө анын классикалык үлгүлөрүн жараткан грек Менандр, римдик Теренций, испан Лопе де Вега, англис У. Шекспир, француз Мольер, орус А. С. Грибое­дов, Н. В. Гоголь, А. Н. Островский, А. П. Че­хов жана башкалар зор салым кошту. Кыргыз драматургиясында комедия жанрын калыптандырууда жана өнүктүрүүдө кыргыз адабиятынын көрүнүктүү чебер­лери К. Жантөшев («Ким кантти?»), Р. Шү­күрбеков («Эки дос»), М. Алыбаев («Курорттогу окуя»), Т. Абдумомунов («Машырбек үйлөнөт») жана башкалар комедияга кайрылышты.


Ад.: Штейн А. Л. Веселое искусство комедии. М.,1990; Андреев М. Л. На границах комедии. М., 2002.