КОМА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КО́МА (гр. kjma – терең уйку) – борб. нерв системасы катуу жабыркап, акыл-эс жоголуп, өмүргө коркунуч туудуруучу абал. Түрдүү оорулардын (энцефалит, менингит, безгек, инсульт, кант диабети, гепатит, уулануу, мээ травмасы ж. б.) оор кабылдоосунан болот. К. болгон адам адегенде эсинен танат, начар угат, терең уйкуда жаткандай сезилет, айлана-чөйрөнү сезбейт, көздүн кареги чоңоёт, жарык көрбөйт, заара рефлекси жоголот, кыркырап тез-тез дем алат. Айрым учурда кан басымы төмөндөгөндүктөн, коллапс пайда болот.