КОМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМ – төөнүн токулгасы. Узундугу 2 мдей ком жыга­чы, кошок таары, тердик кийизи, чачысы бо­лот. Комдун жыгачынын эки чети 15–20 см, орто жери 30–40 см жазы, узундугу 120–140 см келген калың сызма же кайыш менен бириктирилген.

А – комдуу төө; Б – ком: 1 – кошок таа­ры; 2 – тердик кийи­зи; 3 – жыгачы; 4 – чачысы.


Алардын алдынкы бети 2–3 кат кийиз менен ич­мектелген. Төөнүн эки өркөчү комдун эки теши­гине өткөрүлүп токулат. Ком оймо, чийме, сай­ма, терме менен кооздолгон. Кээде боз үйдүн уугун же керегесин ком жыгач катары пайдаланган.