КОЛОРИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЛОРИ́Т (италянча colorito, латынча color – өң-түс, боёк дегенден) – көркөм сүрөт өнөрүнүн ар кыл боёктордун айкалышып, бирдиктүү бир түстү жаратуусу. Колорит эмоциялык, психологиялык туюнтуунун маанилүү куралы болуп, көркөм образды толук ачууга кызмат кылат. Кайсы бир боёктордун басымдуулук кылышына жараша колорит жаркын же күңүрт, салкын (көк, жашыл түс басымдуулук кылса) же жылуу (кызыл, сары түс көптүк кылса) ырай болушу мүмкүн. Колоритти чебер пайдалана билген сүрөткер колорист, ал эми айкел менен архитектурадагы колорит полихромия деп аталат.