КОЛОРИМЕТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОРИ́МЕТР (латынча color – түс жана ...метрия) – түс өлчөөчү жана аны сан жагынан туюнтуучу курал. Колориметр визуалдуу жана фотоэлектрдик (объек­тивдүү) деп бөлүнөт. Визуалдуу колориметр көрүү талаа­сынын биринчи жарымында өлчөнүүчү түс, экин­чи жарымында куралдын үч негизги түсүнүн (кызыл, жашыл, көк) аралашмасы жайгашкан түстөрдү теңдөө жолу менен өлчөйт. Түстү анык­тоо аралашманын түстүк координаталарын өл­чөө менен ишке ашырылат. Фотоэлектрдик колориметрде өлчөнүүчү нурланууну талдоо жана түстүн координаталарын эсептөө менен автоматташтырылган түрдө ишке ашырылат. Түстөрдү жогорку так­тыкта өлчөө спектроколориметрлерде жүргүзү­лөт. Колориметр ар кандай тармактарда түрдүү матери­алдын жана өндүрүмдүн, жарык булагынын, жа­рык чыпкасынын, теле­ жана кино сүрөттөлүш­түн, полиграфиялык жана токуу өндүрүмүнүн жана ушул сыяктуу түсүн көзөмөлдөөдө колдонулат.