КОЛОНАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОНА́Т (лат. colonatus, colonus – дыйкан) – чыныгы өндүрүүчү (колон) м-н ири жер ээси ор­тосундагы өндүрүш мамилелеринин өзгөчө фор­масы. Рим империясында калыптанып, кеңи­ри тараган. К-тык система б-ча мурда бир бор­бордон башкарылып, кулдар иштетип келген жер менчиги көптөгөн чакан участкаларга бөлүнүп, колондорго иштетүү үчүн жерлер убак­тылуу пайдаланууга же ижарага берилген. Ко­лондор жер ээсине алгач акчалай, кийин нак­талай (жыйналган түшүмдүн бир бөлүгү) алым төлөгөн. К-тын тарыхы эки мезгилге бөлүнөт.
Алгачкы мезгилде (б. з. ч. 2-к. – б. з. 1-к.) жер ээси майда кул ээси катары эркин колонго участ­касын иштетүүгө жерди (ижарага) берген. Ошон­дуктан К. кул ээлик мамилелердин бир гана формасы болгон. Экинчи мезгилде (б. з. 2-к-дан) колон майда кул ээси эмес, өз алдынча өндү­рүүчүгө айланган (к. Колондор).