КОЛЛИМАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЛИМА́ТОР [лат. collimo (collineo) – түз сы­зык боюнча багыттайм] – нурдун (электр-магнит нурлануусу) же бөлүкчөлөрдүн (атом, электрон, элементардык бөлүкчөлөр) ичке параллель топ агымын пайда кылуучу түзүлүш. Коллиматор фокалдык тегиздигинде жарыктандырылуучу нерсе жай­гашкан объектив же томпок күзгүдөн турат. Объектив ж-а нерсе ичи карартылган түтүккө бекитилген. Коллиматордон чыккан нурлардын жарыш­тыгы болжолдуу болот. Анткени нерсенин бир чекитинен чыккан нурлар объективдин аберра­циясынын ж-а дифракциясынын натыйжасын­да өз ара өтө так параллель болушу мүмкүн эмес. Нерсеге таасир этүүчү фокустук аралык ж-а объективдин аберрациясын оңдоо сапаты, ошондой эле нерсенин формасы ж-а өлчөмүколлиматордун арналы­шына ж-а аны пайдалануу шартына жараша тандалат. Коллиматор астрономияда, спектр аспаптарын­да, ар кандай өлчөөчү, сыноочу оптика-механикалык куралдарда колдонулат.