КОЛЛАГЕН ООРУЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЛАГЕ́Н ООРУЛАРЫ – туташтырма ткань (коллаген талчалары) ж-а кан тамырларды жабыркатуучу оорулар тобу. Аларга ревматизм, ревматоартрит, кызыл волчанка, склеродермия, дерматомиозит ж. б. кирет. Оорунун күчөшү, калтыратма, организмдин көп системаларын (муундар, тери, өпкө, жүрөк, бөйрөк ж-а нерв системасы) жабыркатуу бардык коллаген ооруларына мүнөздүү. Оору катуу башталат, кийинчерээк басаңдап, өнөкөткө өтөт, кайталап кармап, акырындап күчөй берет. Ар бир оорунун өтүшүнүн өзүнчө өзгөчөлүктөрү болот. Коллаген ооруларынын пайда болуу се­бептери ар түрдүү. Суукка урунуу, инфекция ж. б. ооруну күчөтөт. Анын оордугу ички орган­дардын ж-а борбордук нерв системаcынын жабырка­шына байланыштуу. Көпчүлүк коллаген ооруларын дарылоо­до кортикостероид гормондору колдонулат.

Ад.: Сигидин Я. А., Гусева Н. Г., Иванова М. М. Диффузные болезни соединительной ткани. 2-е изд. М., 2004.