КОЛЛАБОРАЦИОНИЗМ
КОЛЛАБОРАЦИОНИ́ЗМ (фр. collaboration – кызматташтык) – куралдуу конфликт же согуштун жүрүшүндө өзүнүн мекенине зыян келтирген каршылаштары м-н оккупацияланган мамлекеттин жарандарынын ыктыярдуу кызматташуусу. Көптөгөн мамлекеттерде К. аскер кылмышы катары каралат. К. түшүнүгү 19-к-дын башталышында Наполеон согуштарынын мезгилинде пайда болуп, 2-дүйнөлүк согуштун жылдарында кеңири колдонулган. Алгач 2-дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө Франция оккупацияланган мезгилде германиялык бийлик м-н фр. жарандардын кызматташуусу түшүндүрүлөт. Кийинчерээк К. германдыктар же япондуктар оккупациялаган европ. ж-а азиялык мамлекеттерде (Бельгия, Нидерланд, Норвегия, Кытай ж. б.) да пайдаланылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРде К. «оккупанттар менен кызматташуу» термини м-н мүнөздөлөт. К. катары идеялык жактан совет бийлигине каршы тургандар, сов. респ-ларда улутчул багытты колдогондор, дезертирлер, колго түшкөндөр ж. б. эсептелген. Чет өлкөлүк тарыхчылардын баасы б-ча Улуу Ата Мекендик согушта 1,5 млнго жакын сов. жаран германиялык бийлик м-н кызматташкан. 2-дүйнөлүк согуштан кийин көптөгөн мамлекеттерде коллаборационисттер ар кандай репрессияларга кабылып, көрүнүктүү өкүлдөрү (Францияда П. Лаваль, Норвегияда В. Квислинг, СССРде А. А. Власов ж. б.) өлүм жазасына тартылган.
Ад.: Семиряга М. И. Коллаборационизм. Природа, типология и проявление в годы Второй мировой войны.
М., 2000; Война и общество, 1941–45: В 2-х кн. /
Под ред. Г. Н. Севостьянова. М., 2004.