КОЛИТ
КОЛИ́Т – жоон ичегинин сезгениши. Ичеги-карын жолунун көп кезигүүчү оорусу. Колттин пайда болушуна инфекция, тамактануунун бузулушу, уулануу себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле уремиялык ууланууда, карын м-н ичке ичегиде тамак сиңирүү начарлаганда (гастрит, панкреатит, гастроэнтерит), кээ бир антибиотикти, ич алдырма дарыны өз алдынча узакка колдонгондо болот. Колиттин себебине ж-а оордугуна жараша жоон ичегинин үстүнкү бети сезгенүүдөн некроздуу жарага чейин жабыркайт. Колит катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп айырмаланат. Ичеги инфекциядан же уулануудан жабыркаганда катуу кармаган колит пайда болот (к. Дизентерия, Уулануу). Анда оорулуунун алы кетип, тамакка табити тартпай, ичи толгоп ооруп, ичи өтөт. Эгерде колит инфекциядан болсо, дене ысыйт. Катуу кармаган колит- ти туура эмес же чала дарылаганда өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн.
Өнөкөтколит кээде инфекциясыз эле пайда болот. Ага туура эмес тамактануу, чала чайноо, спирт ичимдиктерин көп ичүү себеп болот. Мында ичегинин кыймылы (перистальтикасы) начарлайт, ичеги зили ж-а былжыры начар бөлүнөт, жоон ичегиден суюктукту соруу процесси өзгөрүлөт. Колиттин белгилери оордугуна, жайылышына ж-а стадиясына жараша ар түрдүү болот. Ал кармаган учурда тамакка табити тартпай, жүрөгү айланып, алы кетет. Заңдаарда же андан кийин ич ооруйт. Күнүнө 3–4 жолу ич өтүп, кайра катып, көөп, курулдашы мүмкүн, ириң же кан аралаш заңдайт. Колиттин өнөкөт түрү бирде жакшы болуп, кайра кармап турат. Жоон ичегини дүүлүктүрүүчү ж-а аллергиялык реакция чакыруучу тамак-аш ичүү, өтө чарчоо, тамак сиңирүүчү башка органдардын ишинин бузулушу колитти күчөтөт. Колитти алдын алууда катуу кармаган ичеги ооруларын өз убагында туура дарылоо, тамактануу тартибин сактоо өтө маанилүү.