КОЛЕСНИКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЕ́СНИКОВ Пётр Федосеевич (21. 02. 1922, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу (азыркы Ысык-Көл) облусу, Пржевальск уезди (азыркы Ысык-Көл району, Семёновка (азыркы Кожояр-Ата) кыштагы – 28. 01. 1945, Польша, Ловическ повяты, Лович шаары)

– улук лейте­нант, Советтер Союзунун Баатыры (27. 02. 1945, өлгөндөн ки­йин). Советтик Армиянын катарында 1942-жылдан. Улуу Ата Ме­кендик согушта 1454-өзү жүрүүчү артиллериялык полктун СУ-85 батареясынын командири П. Ф. Колесниковдун батареясы 1945-жылы январда Польшадагы Пили­ца суусунан өтүп, душмандын плацдармын ба­сып алып, фашисттердин 2 танкасын, 5 бронетранспор­тёрун, 2 замбирегин жана 2 автомашинасын кыйраткан. П. Ф. Колесников ошол кармашта 2 жолу катуу жарадар болуп, 1945- жылы 28-январда госпиталда каза тапкан. 2 Кызыл Жыл­дыз жана 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.