КОКСИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОКСИ́Т (лат. coxa – жамбаш) – жамбаш м-н кашка жилик муунунун сезгениши. Жугуштуу оорулар (ангина, грипп, туберкулёз, бруцеллёз, келте ж. б.), ириңдетүүчү инфекция (стафил­локкок, стрептококк ж. б.) анын пайда болу­шуна себеп болот. Туберкулёз К-и балдарда көбүрөөк жолугат. Мында инфекция көбүнчө өпкөдөн кан аркылуу келип, муунду жабырка­тат. 5–10 жаштагы балдар ооруйт. Алгач бала шалдырап, тамакка табити тартпай арыктайт. Эти ысыйт, аксап, тизеси ооруганына даттанат. Уйкудан чочуп ойгонот, аксаганы күчөйт, оору­луу буту кыскарат. Жамбашы жабыркаган жа­гына көтөрүлүп, алдын карай ийилгенсип ка­лат. Омуртка тутумунун кыйшаюусу байкалат. Айрым учурда муун баштыгына ириң толот. Кашка жиликтин эти качып, ичкерет. Дары­лоодо организмди чыңдоочу ж-а туберкулёзго каршы чаралар көрүлөт. Бут гипстеп таңылат. Эгер жилик ириңдеп, сынып же чыгып кетсе, хирург. операция жасалат.