КОЙЧИЕВ
КОЙЧИЕВ Турсунбек (14. 10. 1941-жылы туулган, Чүй облусу, Жайыл району, Сары-Булак – 1. 7. 2016. Бишкек) – Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (2007), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1993), СССР жана Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын бүткөн (1964). Анын чыгармачылыгы пейзаж жанрында 1960-жылдарда калыптанган. 1965-жылдан республикалык көргөзмөлөргө катыша баштаган. Кыргызстанда совет бийлигинин орношуна арналган «20-жылдардагы Кыргызстан аялдары» аттуу туңгуч тематикалык триптихи менен таанылган. «Чөп чабыкта» (1973),«Тоодогу кеч» (1974–1975), «Сууга түшүп жаткан кыздар» (1974) жана башка пейзаждык чыгармаларында кыргыз жеринин кайталангыс сулуулугун даңазалайт. Койчиев 30дан ашык республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык (Швеция, Бельгия, Моңголия, Италия) көргөзмөлөргө катышкан. Анын чыгармалары Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, ошондой эле Франция, Америка Кошмо Штаттарында Кытай, Германия, Түркия, Россия жана башка өлкөлөрдөгү менчик коллекцияларда сакталуу.
