КОЙ БУУРЧАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ БУУРЧАК (Сier L) – өсүмдүктөрдүн чанак­туулар тукумундагы уруусу. Бир ж-а көп жыл­дык өсүмдүк. Кой буурчактын 30 түрү Евразияда, ошодой эле Тундук Чыгыш Африкада көп тараган. КМШ өлкөлөрүндө 25тей түрү Россиянын Европа бөлүгүндө, Батыш Сибирде, Кавказда ж-а Борбордук Азияда өсөт. Эгилме түрү (Сier arietinum L.) – бир жылдык, өзөк тамырлуу өсүмдүк. Тамырында азот топтоочу бактериялуу түймөктөрү бар. Са­багы түз, бийиктиги 20–70 см. Жалбырагы (11–17ден), гүлү (ак, кызыл ж. б.) майда. Өзү м-н өзү чаңдашат. Мөмөсү – чанак. Ар чанакта 1–2,айрымында 4төн урук байлайт. 1000 данынын салмагы 200–300 г, уругунда 30% белок, 7% май, 60% азотсуз зат, В1 витамини бар. Кой буукчак – кургакчылыкка өтө чыдамдуу өсүмдүк. Дүмбүл кезинде чабылган бакалы тоют катары пайда­ланылат.