КОЖОГАТ
КОЖОГАТ (Fragaria L.) – роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк. 50дөй түрү Европа, Азия, Түндук Африка ж-а Америкада өсөт. КМШ өлкөлөрүндө жапайы 7 түрү бар. Көп таралгандары: токой, көк, мускат, кыргыз кожогаты. Ал эми эгилме түрүнөн негизинен бак же ананас кожогаты (гибрид) өстүрүлөт. Анын жапайы түрү кездешпейт. Алгачкы сорту 18-к-да Нидерландда пайда болгон. Бак кожогатынын сабагы кыска, бутактанып өсөт (бийиктиги 10 см). Жалбырагы үч ача, жазы, гүлү ак, сары түстүү. Мөмөсү кызыл, кызгылт, көп уруктуу. Чачы тамырлуу, тамыры жерге 20–25 см терең кирет. Суукка байымсыз. Мөмөсүндө 80–90% суу, 0,8–1,6% кислота, 0,9–1,2% азоттуу зат, 1,0–1,7% пектин, 0, 16–0,25% өңдөгүч заттар, 0,4–0,8% күл, 50– 80 мг% С витамини бар. Гектарынан 6–10 т түшүм алынат. Мөмөсүнөн кыям, пастила, шире жасалат. Кожогаттын сорттору көп. Heгизги сорттору: тoo мөлмөлү, комсомол, фестиваль, киев, минск, аврора, өзбекстан, ташкент ж. б. Кожогат көчөтүнөн, мурутчаларынан көбөйтүлөт. Токой кожлгатынын дарылык мааниси бар. Кыргызстанда негизинен Чүй өрөөнү м-н Ош облусунда өстүрүлөт. Гектарынан 65–90 цден түшүм жыйналат. Кожогат зыянкечтери: кожогат шиш тумшугу, кожогат нематодасы, кожогат кенеси; илдеттери: мөмө чириги, чаңгыл кебер.