КОЖО-АШКАН ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖО-АШКАН ӨРӨӨНҮ Алай кырка тоосу м-н Кулдук-Тоонун аралыгында. Баткен р-ну­нун аймагында. Аянты 120 км2, уз. 42 км, туу­расы 12–30 км. Деңиз деңг. бийикт. 1800– 4000 м. Батышы кууш, тармактанган тик кап­чыгайлардан турат, чыгышы жазы. Өрөөндүн таманы антропоген мезгилинин аллювий, про­лювий ж-а делювий сыяктуу борпоң тектери­нен түзүлүп, капталдарында палеозойдун сла­нец, акиташ тектеринин зоокалары чыгып жа­тат. К.-А. ө. – тектон.-эрозиялык өрөөн. Кли­маты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 18°С, январдыкы –10...–15°Сге чейин; жылдык жаан-чачыны 350–500 мм. Суулары: Жылуу- Суу, Уялуу-Суу, Кулп. Курчаган тоолордун өрөөн


жак беттеринде 20дан ашык майда мөңгү бар. Ирилери: Уялуу-Суу, Кулп. Жылуу-Суу ж-а Уялуу-Суу сууларынын алабында (3000 м бий­икте) 18ден ашык ысык (темп-расы 50°Сден жогору, курамында күкүрт басымдуу) булак чыгат. Таманын маданий ландшафт ээлейт; андан жогору талаа (1800–2500 м), токой (2500– 3200 м) субальп, альп шалбаалуу талаа ж-а кар-мөңгү (3500 мден жогору) жатат. Шалы эгилет; жайлоо.