КОАКСИАЛЬ КАБЕЛИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОАКСИА́ЛЬ КАБЕЛИ (лат. co – биргелеш ж-а axis – ок) – электр өткөргүч зымдары өзүнчө

изоляциялоочу материал м-н капталып, бири бирине кийгизилген цилиндр түрүндөгү кабель. Анын ичиндеги өткөргүчү тышкы спираль ж-а шакекче түрүндөгү изоляциялоочу материалдар м-н ажыратылып, аба катмары м-н бөлүнүп турат ж-а тышкы катмар ичкисин сырткы таасирден сактайт. Ал жогорку жыштыктагы бир нече ГГцке чейинки ж-а начар электр сигналдарын берүү үчүн колдонулат. К. к. кедергини көп болтурбайт ж-а сигналды анча басаңдатпайт. Көп каналдуу байланыш системасында 10 миңден ашык телефон каналдарын байланыштыра алат.