КЛЮЧИ ЖАНАРТООСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЛЮЧИ́ ЖАНАРТООСУ – Евразиядагы ж-а Россиядагы эң бийик аракеттеги жанартоо; Камчатканын чыгыш бөлүгүндө. Бийикт. 4750 м. Андезит-базальт лаваласынан түзүлгөн. Дайыма түтөп туруучу кратерлүү негизги конустун этегинде 84 конус ж-а кратер бар. Кыры кар, мөңгүлүү; капталдарында фумарол м-н сольфатара процесстери жүрөт. 270 жыл ичинде 50дөн ашык катуу атылуулар болгон; эң акыркы жолу 2007-ж. атылган. «Камчатка жанар тоолорунун курамында» Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине (1996) кирген.