КЛИЧКО Виталий Владимирович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИЧКО́ Виталий Владимирович (19. 7. 1971- жылы туулган, Кыргызстан, Москва району, Беловодский айы­лы)

– украин профессионал бокс чебери. Бир тууган Кличколордун улуусу. Атасы аскер кызмат­кери болгондуктан, үй-бү­лөсү1985-ж.Украинага кет­кен. Кличко 14 жашынан бокс м-н алектенген. WBO ж-а WBC версиялары боюнча оор салмактагы профессионал­дар арасында дүйнөнүн чем­пиону. Европанын, конти­нент аралык ж-а кикбок­синг боюнча дүйнөнүн 6 жолку (4 жолу профессионалдар, 2 жолу спортту сүйүүчүлөр арасында) чемпиону. Өзүнүн профессионалдык баскычын Кличко 1996-жылы Гамбургдун Universum Box Promotion (Германия) клубунда баштап, К. Бёрд, Л. Льюис, К. Сандерс сыяктуу бокс чеберлери м-н таймашкан. Ал профессионалдык рингде 39 жолу беттешип, 37синин 36сын нокаут м-н жеңген (2009); 26 таймашты эң аз раундда но­каут м-н жеңген оор салмактагы 1-дүйнө чем­пиону катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. 2004-жылы боксту таштап, 2008-жылы кайтып келген. 1998–2003-жылдарда эл аралык «Спорт-XXI» спортту өнүктүрүү фондусун жетектеген. Украи­на Баатыры, Украинанын «Эрдик» ордени м-н сыйланган.

Р. Аманкулов.