КЛИМАТТЫК КАРТАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИМАТТЫК КАРТАЛАР – белгилүү бир ай­мактын климаттык шарттарын, өзгөчөлүктөрүн, о. эле аны пайда кылуучу атм. процесстерди (мис., циклондор м-н антициклондордун кый­мылы) чагылдырган карталар. Көп жылдык, сезондук, айлык маалыматтардын негизинде түзүлүп, көпчүлүк учурда изосызыктардын жар­дамы м-н чагылдырылат.