КЛИМАТ СЕЗОНДОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИ́МАТ СЕЗОНДОРУ – белгилери (жылуулук режими ж-а нымдуулук шарттары) м-н өзгө­чөлөнгөн, бир нече айга созулган жыл мезгил­дери. Экватор алкагында абанын темп-расынын жылдык амплитудасынын аздыгына ж-а турук­туу нымдуулугуна байланыштуу климаттык се­зондуулук дээрлик байкалбайт. Мелүүн алкак­та к ы ш, ж а з, ж а й ж-а к ү з, субэкватор­дук, тропиктик, бир аз субтропиктик алкактар­да К. с. негизинен жаан-чачын режими б-ча к у р­г а к (жаан-чачын өлчөмү аз) ж-а н ы м д у у­с е з о н г о (жаан-чачын өлчөмү бир кыйла


арбын) бөлүнөт. Сезондордун алмашышы не­гизинен атм-нын жалпы циркуляция (циклон м-н антициклондордун сезондук аралашуусу) өзгөчөлүктөрү м-н шартталган. Уюлдук аймак­тарда кыш узакка созулуп, кыска болот, өтмө К. с. жок.