КЛЕТКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛЕ́ТКА – бардык тирүү организмдердин түзү­лүш ж-а тиричилик аракетинин негизи; өз ал­дынча жашоо, көбөйүү ж-а өөрчүүгө жөндөмдүү эң жөнөкөй тирүү система. Клетка өз алдынча орга­низм түрүндө (бактериялар, жөнөкөйлөр, кээ бир балырлар ж-а козу карындар) же көп клеткалуу өсүмдүк ж-а жаныбар тканынын курамында бо­лот. Вирустар клеткалык организм эмес. Клетканын өл­чөмү 0,1–0,25 мкмден (бактерия) 155 ммге че­йин (төө куштун жумурткасы) болот. Клетка сыр-

Клетканын түзүлүшү: 1 – лизосома; 2 – ядро; 3 – хроматин; 4 – ядрочо; 5 – эндоплазма торчосу; 6 – митохондрия; 7 – микросома; 8 – пластинка сымал комплекс; 9 – клетка мембранасы; 10 – вакуоль; 11 – ядро мембранасы; 12 – рибосома; 13 – центросома.

тынан плазма мембранасы м-н капталган прото­плазмадан – ядро ж-а цитоплазмадан турат. Бар­дык клеткалардын генетикалык аппараты бар. Ал эукариот­тук клеткаларда ядродо жайгашкан. Прокариоттун ядросу жок, генетикалык материалы цитоплазмада эр­кин жайгашкан. Клетка бөлүнүү жолу м-н көбөйөт. Жыныс клеткасы мейоздук бөлүнүүдө пайда болот.

Клетканын түрлөрү: 1, 3, 7 – эпителий тканынын клеткалары; 4, 10 – кан клеткалары (4а – лейкоцит; 4б – лимфоцит, 10 – эритроцит); 5 – булчуң тканы­нын клеткасы; 6 – нерв клеткасы; 8 – жыныс клет­касы (сперматозоид); 9 – сөөк клеткасы.

Эукариоттук клетканын цитоплазмасында ар бири белгилүү функция аткарган органоиддери бар: рибосомалар, митохондриялар, эндоплазма тор­чосу, Гольжи аппараты, лизосомалар,клетка мемб­ранасы. Булардан башка клетканын формасын, ички скелетин түзүүчү структуралар микротүтүкчөлөр, микрофибриллдер ж-а кошундулар болот. Клетканын органоиддеринин мембраналуу болушу эң кичи­не көлөмдүү клеткада бир эле мезгилде бир нече про­цесстердин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Эука­риоттук клеткалар м-н прокариоттордун ортосунда айырмачылык м-н катар окшош жактары да бар: экөөндө тең бирдей функция аткаруучу плазма мембранасы,клетка кабыкчасы, белок син­тездөөчү органоид – рибосома, генетикалык материал –ДНК, зат алмашууга катышуучу фермент аппа­раттары ж. б. бар. Бул окшоштуктар алардын клеткалык түзүлүштөгү организмдер экенин далил­дейт. Эукариот клеткалар түзүлүшүндөгү өзгөчөлүк­төрү боюнча жаныбар ж-а өсүмдүк клеткаларына бөлү­нөт. Өсүмдүк клеткасынын плазма мембранасынын үстүндө катуу клетка кабыкчасы бар. Адистешти­рилген өсүмдүк клеткасында бир нече же борбордук бир вакуолу болот. Вакуолдо туз, органикалык кислоталар, уг­леводдор, алкалоиддер ж. б-дын эритмеси бо­луп, өсүмдүктүн суу алмашуусунда ролу чоң. Бир эле организмдин орган ж-а ткандарынын клеткалары аткарган кызматына байланыштуу өз­гөчө түзүлүштө болуп, ошолорго гана мүнөздүү органоиддери болот. Мисалы, булчуң клеткаларынын миофибриллдери, нерв клеткаларынын нейрофиб­риллдери, жашыл жалбырактын клеткаларынын хлоропласттары ж. б. Ядросу жок клеткалар да кез­дешет (эритроциттер, тромбоциттер). Клетканын тү­зүлүшү, формасы ар түрдүү. Өзгөрүлмө (амёба, лейкоциттер) ж-а туруктуу формадагы клеткалар да болот. Инфузория, эритроцит ж-а нерв клеткала­ры өзүнө гана мүнөздүү туруктуу формада бо­лот. Алардын формасы беттик тартылышка, жанаша жатканклеткалардын таасирине, жайгаш­кан чөйрөсүнө байланыштуу. Өсүмдүк ж-а жа­ныбар ткандарынын клеткалары бири бирине жасаган кысымдардын таасиринен көп кырдуу. Клетка жонундөгү илим – цитология.