КЛАССИКАЛЫК АДАБИЯТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАССИКАЛЫК АДАБИЯТ – бардык мезгилде идеялык мазмуну жана көркөмдүк жагынан эң жогору бааланган адабият үлгүсү; кеменгер акын ­жазуучулар жараткан, коомдук мааниси менен ка­сиети бийик чыгармалар. Классикалык адабият адамзаттын адам­герчилик жана агартуучул идеяларын туу туткан. Ар бир элдин тарыхый тагдырына байланыш­туу классикалык адабият бир элде эрте, бир элде кечирээк пайда болгон. Мисалы: Грекияда биздин заманга чейинки 5-кылымда, Римде 1-кылымда, Орто Азия жана Чыгышта 9–12-кылымдарда, Фран­цияда 17-кылымда, Россияда 19-кылымда өнүккөн А. С. Пуш­кин, А. П. Чехов, М. Ю. Лермонтов, Н. А. Нек­расов, И. С. Тургенев, Л. Н. Толстой жана башка Кыр­гыз классикалык адабиятынын жаралышы да 19-кылымга таандык.
Анын өкүлдөрү – Арстанбек, Калыгул, Мол­до Кылыч, Эшмамбет, Жеңижок, Т. Сатылга­нов, Тоголок Молдо, Б. Алыкулов, К. Тыныста­нов, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков, А. Осмонов, С. Эралиев, Ч. Айтматов, Т. Касымбеков ж. б.