КИШИНЁВ
КИШИНЁВ , К и ш и н э у – Молдова Республикасынын борбору, шаар. 1995-жылдан өзгөчө автономия макамы бар өзүнчө административдик бирдикти – муниципийди түзөт.

Бык дарыясынын боюнда (Днестрдин оң куймасы), Кодр токойлуу дөңсөөсүндө, деңиз деңгээлинен 429 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 785,1 миң (2008; агломерациясында 1,3 млн). Темир жана автомобиль жолдорунун ири тоому. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1466-жылдан «Акбашев Кешенев» деп эскерилет. 1712-жылы расмий булактарда шаар деп аталган. XV кылымдын башынан Осмон империясынын, 1812-жылдан Россия империясынын, 1918-жылдан Румыниянын, 1940-жылдан СССРдин (Молдаван ССРинин борбору) курамында болгон. 1991-жылдан Молдова Республикасынын борбору. Машина куруу (анын ичинде айыл чарба машиналары, соода жана тамак-аш, авиация, муздаткычтар, электр-өлчөөчү приборлор жана башка өнөр жай үчүн жабдуулар, телевизорлор жана башкалар), тамак-аш–татымалдар [жашылча-жемиш консервалары, шарап даярдоочу (салттуу мүнөзгө ээ), тамеки], химия (фармацевтика, лак-боёктор, пластмасса буюмдары, парфюмерия), жыгаччылык (анын ичинде эмерек) өнөр жай ишканалары жана кондитер (250гө жакын продукция чыгарат), тигүү фабрикакалары, айнек такталар заводу, трикотаж бирикмеси иштейт. Килем токулуп, зер буюмдар даярдалат. Шаардын борбордук аянтында салтанат капкасы, тарыхый бөлүгүндө Орган залы жайгашкан. Ошондой эле кафедралуу собор (учурда сүрөт музейинин филиалы), Мазаракиевск (XVIII кылым), Рышкановск (XVIII кылым) жана Благовещенск (XIX кылымдын башы) чиркөөлөрү сакталган. Кишинёвдо Улуу Стефан IIIгө, М. Горькийге, Л. Н. Толстойго жана башкаларга эстелик орнотулган.
Кишинёв – Молдованын илим, билим жана маданий ири борбору. Шаарда 30дан ашык жогорку окуу жайлар (анын ичинде мамлекеттик университеттер), Илимдер академиясы, бир нече илимий изилдөө институттары, китепканалар (80ден ашык), А. С. Пушкиндин үй-музейи, 9 музей (анын ичинде тарых-край таануу, сүрөт, адабият жана башкалар), театрлар (анын ичинде опера жана балет), филармония бар. Кишинёвдо туристтер үчүн заманбап мейманканалар курулган. Шаардын чегинде шарап сакталган Криково атактуу жер төлөсү, Чыгыш Европанын түштүгүндөгү эң кооз табигый парк – Роза гүлдөр өрөөнү, күмүш көлмөлөр жана бүтүндөй бир парк айкел галереясы жайгашкан. Жыл сайын эл аралык куурчак театрлар жана музыкалык фестивалдар, конкурстар өткөрүлүп турат.
Ад.: Кишинёв. Энциклопедия. Киш., 1997; Кишинёв// Большая Российская Энциклопедия. Т. 14. М., 2009.