КИШЕМИШ ӨРӨӨНҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИШЕМИШ ӨРӨӨНҮ Түркстан кырка тоосунун
чыгышында. Исфара суусунун алабында, Матча ж-а Каравшин тоолору м-н курчалат. Баткен р-нунун аймагында. Уз. 30 кмдей, жазылыгы 3–10 км. Баш жагы деңиз деңг. 3200–3600 м,
төмөн жагы 2500–2600 м бийикте жайгашкан.
Өрөөндүн эки капталы бирдей тик, кууш капчыгайлуу, корум таштуу, кум шагылдуу. Бийик тоо арасындагы синклиналдык жаракадан орун алган. Палеозойдун кристаллдуу (акиташ теги, сланец, кумдук) тоо тектеринен турат. Климаты континенттик; июлдун орт. темп-расы 21,9°С,
январдыкы –10...–15°С. Жылдык жаан-чачыны
250–350 мм. Тоолорунда Миң-Теке, Кишемиш
мөңгүлөрү бар. Негизинен тоолуу талаа ж-а сейрек токойлуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Шалбаа өсүмдүктөрү ж-а токой да кездешет.