КИЧИ ЖАНА ЧОҢ БАРСУК ЧӨЛДӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ ЖАНА ЧОҢ БАРСУК ЧӨЛДӨРҮ , Б а р­с у к ч ө л д ө р ү – Казакстандагы кумдуу чөлдөр. Арал деңизинин түндүктү карай субме­ридиан багытында созулуп жатат. Чоң Барсук­тун уз. 200 кмдей, Кичи Барсуктуку 100 кмдей. Бийикт. 100 мге чейин. Кум сапырылып учуп, дөбө, жалча, бархандарды пайда кылат. Тегиз жерлеринде ксерофиттүү бадалдар, баялыш ж-а эфемер өсүмдүктөрү, дөбө, жалчаларынын ара­лыгында жузгун, кум акациясы, кандыма ж. б. өсөт.