КИЧИ БҮРГӨНДҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ БҮРГӨНДҮ – Жалал-Абад обл-нун Ноо­кен р-нундагы кыштак. Бүргөндү айыл округу­на караштуу. Кишен суусунун боюнда, деңиз деңг. 560 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Масы кыш-нан 21 км батыш тарапта. Үч- Коргон т. ж. бекетинен 27 км. Калкы 1001 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгек­тенет. Кыштак аркылуу «Достук» сугат кана­лы өтөт.