КИТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́ТО – Эквадор Республикасынын борбору, шаар. Пи­чинча провинциясынын административдик борбору. Түштүк Американын түндүк-батыш бөлүгүндө, экватордон 25 км түштүктө, тоо аралык Сьерра-де-Эквадор

Шаардын жалпы көрүнүшү.

дөбөлүү ойдуңунда, деңиз деңгээлинен 2818 м бийик­тикте, аракеттеги (акыркы жолу 1999-жылы атыл­ган) Пичинча жанар тоосунун этегинде, Панаме­рика шоссесинин боюнда жайгашкан. Китого жа­кын 8 жанар тоо (Котопахи, Антисана, Каямбе жана башкалар) бар. Шаардын экологиялык абалына жанар тоо­дон атылып чыккан күл тескери таасирин тий­гизет. Калкы 1,6 млн (2008); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Темир жол аркылуу Тынч океандын жээгиндеги Гуая­киль, Эсмеральдас порттору жана автострада ар­кылуу Лима (Перу), Санта-Фе-де-Богота (Колум­бия) шаарлары менен байланышат. Метрополитен курулууда (2008). Испандар тарабынан 1534-жылы негизделген. Испаниянын ээлиги мезгилинде Кито облусунун, 1830-жылдан Эквадордун борбо­ру. Калкынын 76%и тейлөө чөйрөсүндө эмгек­тенет. Китода чет өлкөлүк жаана ири банктардын,

нефть компанияларынын штаб-квартиралары жайгашкан. Текстиль (жүн жип, кездеме), же­ңил, машина куруу, металл иштетүү (цистерна, нефть жана газ сактоочу баллондор), химия (тири­чилик химикаттары), жыгаччылык (паркет, жыгач эшиктер), тамак-аш–татымал, булгаары – бут кийим жана башка өнөр жай ишканалары иштейт. Эк­вадордун илимий жана маданий борбору. Эки университет, тил академиясы (1874), Аскер география институту (1950; алдында музей бар), аялдар коллежи жана педагогикалык институт, улуттук политехникалык мектеби, жур­налисттерди даярдоочу Латын Америка борбо­ру, улуттук музыка академиясы, музейлер (та­рых, археология, этнография жана башкалар), мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар (анын ичинде католик жана башкалар), театр, китепканалар, сүрөт галереясы, обсерватория бар. Өкмөт үйү жай­гашкан. Чиркөөлөр, собор, монастырлар сактал­ган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Ботаникалык бак (Түштүк Американын экзотикалык флорасы өстүрүлөт) уюштурулган. Жер титирөөдөн (1660, 1797, 1868, 1987, 2006) бир нече жолу жабыркаган.