КИТАРОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТАРОВА Гүлжан Сапаровна (20. 8. 1961-ж. т., Казак ССРи, Ак-Төбө обл., Журун айылы) – ме­дицина илимд. доктору (2006). Ташкент ш-нда­гы О. Азия педиатрия мед. ин-тун (1984), СССР Медицина ИАнын Педиатрия ИИИде ординату­раны (1990) бүтүргөн. Кырг-н мед. экология ж-а алдын алуу ИИИде жетектөөчү ил. кызматкер, аллергология бөлүмүнүн башчысы (1992–96), Кырг-н акушерлик ж-а педиатрия ИИИде улук ил. кызматкер, консультациялык поликлини­канын башчысы (1998–2001), башкы врачы (2001–04), Бишкек ден соолукту чыңдоо борбо­рунун директору (2004), КР Саламаттык сактоо министрлигинин педиатрия б-ча башкы адиси (2005–08). 2008-жылдан Респ. саламаттык сак­тоону өнүктүрүү ж-а маалыматтар технология­лар борборунун директору. Педиатрия, аллер­гология ж-а иммунология б-ча адис. 44төн ашык ил эмгеги, а. и. монография, методикалык көр­сөтмөлөрү бар. Саламаттык сактоонун отлич­ниги.


Эмг.: Изолированные и сочетанные аллергические заболевание у детей. Б., 2006.