КИТАКЮСЮ
КИТАКЮ́СЮ – Жапониядагы шаар. Фукуока префектурасынын административдик борбору. Кюсю аралынын түндүгүндө, Мурасаки дарыясынын чатында жайгашкан. 1963-жылы Вакамацу, Кокура, Модзи, Тобата жана Явата шаарынын биригишинен пайда болгон. Калкы 1,0 млн (2009). Маанилүү жолдор тоому. Китакюсю аркылуу «Синкасен» жогорку ылдамдык темир жолунун «Токайдо – Санъё» линиясы өтөт. «Кюсю» автострадасы аркылуу Кагосима шаары жана дүйнөдөгү алгачкы суу астындагы темир (1941) жана эки ярустуу автомобиль тоннели (1958) аркылуу (асылма көпүрөсү менен; 1973) Симоносеки шаары менен байланышат. Жапониядагы эң ири порттордун бири (жылына 109,7 млн тонна жүк ташылат). Симоносеки, Мацуяма, Токусима, Кобе, Осака, Токио шаарлары жана Ульсан, Пусан (Түштүк Корея) порттору менен паром аркылуу катташат. Эл аралык аэропорту бар. Кара жана түстүү металлургия, кокс-химия, машина куруу (2000-жылдын 2-жарымынан өтө жогорку деңгээлде өнүгүүдө; заводдору: «Toyotа», «Nissan», «Daihatsu», «Mazda»; 2007-жылы 1 млн автомобиль чыгарылган), аскер, жеңил жана тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Шаардын аймагынан көмүр казылып алынат. Кокура сепили (1602; 1990-жылы толугу менен оңдоп-түзөтүлгөн), Мёкэн синтоисттик, Фукусю будда храмдары сакталган. Китакюсю илимий- изилдөө паркы (1996; 9 илимий-изилдөө институту), университеттер, институттар, музейлер бар. Жыл сайын Кокура Гион майрамы өткөрүлүп турат. Шаарга жакын Хираодай квази улуттук паркы (акиташтуу үңкүрлөрү менн), ысык булактар бар.

