КИРОВ кыштагы, Ош облусу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́РОВ – Ош обл­усунун Кара-Суу районун­дагы кыштак. Са­рай айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 740 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору жана темир жол бекети бар. Кара-Суу шаарынын түштү­гүнө улай жайгаш­кан. Калкы 1543 (2007); негизинен дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто мектеп, китеп­кана, амбулатория бар. Турмуш-тири­чилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.