КИР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИР II Улуу (б. з. ч. 600–530) – перс падышасы (б. з. ч. 558–530). Ахемениддер мамлекетинин негиздөөчүсү. Б. з. ч. 550–549-ж. Мидия падышалыгын, б. з. ч. 54-ж. Лидия м-н Кичи Азиядагы грек шаарларын, б. з. ч. 545–539-ж. О. Азиянын көп бөлүгүн, б. з. ч. 539-ж. Месопотамия ж-а Вавилонду багындырган. Б. з. ч. 530-ж. Сыр- Дарыянын боюн мекендеген сак (массагет) уруулары м-н согушта курман болгон. Грек тарыхчыларынын маалыматтарында анын башын массагеттердин аял падышасы Томирис кесип алганы тууралуу айтылат.
Ад.: Дандамаев М. А. Политическая история Ахеменидской державы. М., 1985.