КИОТО
КИО́ТО – Жапониядагы шаар. Хонсю аралында жайгашкан. Киото префектурасынын административдик борбору. Калкы 1,5 млн (2009). Жол тоому. Киоти аркылуу «Синка сен» жогорку ылдамдык темир жолунун «Токайда – Санъё» (Токио – Фукуока) линиясы жана «Мейсин» (Нагоя–Нисиномия) автострадасы өтөт. Метрополитен (1981). Киото 792–794-жылдары курулган; 794–1192-жылдары Хэйан аталган. XII кылымда Киото аталып, 1868-жылга чейин Жапониянын борбору болгон; императордун резиденциясы.

1956-жылдан шаар макамына ээ. Салттуу көөнө көркөм кол өнөрчүлүк (лакталган жана коло буюмдар, фарфор, накта жибек, кооз сайма, диний буюмдар) өндүрүшүнүн борбору. Киотодо бир нече ири банктардын башкы кеңселери, инвестиция-кредит компаниялары жана жапониялык өнөр жай фирмаларынын штаб-квартиралары жайгашкан. Машина куруу (анын ичинде текстиль өндүрүшү үчүн жабдуу, медицина жана так өлчөөчү аспаптар), түстүү металлургия, электр-техника, электроника, химия, фармацевтика, полиграфия, тамак-аш өнөр жай ишканалары өнүккөн. Жапонияда жогорку окуу жайлардын саны боюнча Токиодон кийинки 2-орунда турат. Шаарда 40ка жакын университет (анын ичинде мамлекеттик эместери да бар) жана коллеж, 30дан ашык музей (анын ичинде улуттук, заманбап искусство галереясы), театрлар бар. Ошондой эле 200дөн ашык синтоист чиркөөлөрү жана 1500дөн ашык будда храмдары сакталган. Камигамодзиндзя (XI кылым), Симогамодзиндзя (Камомиоя, VII кылым) храм комплекси, Тодзи храмы (VIII–XII кылымдар), Сайходзи, Тенрюдзи (экөө тең XIV кылым), Кинкакудзи («Алтын храм», XIV кылым), Гинкакудзи («Күмүш храм», XV кылымдын аягы) жана башка храмдар, Ндзёдзё ак сарай комплекси (XVI–XVII кылымдар) жана Киотога жакын жерде жайгашкан Дайгодзи (874-жылы) Самбони (1115-жыл) монастырлары, Бёдоин будда монастыры (1000-жыл ченде ак сарай катары негизделген; 1052-жылдан монастырь; башкы имараты – «Феникс залы») Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Туризмдин маанилүү борбору (жылына 42 млндон ашык, анын 11 млну түнөп кетет, 2002). Жыл сайын театр фестивалдары өткөрүлүп турат.