КИНОФИЛЬМДИ ҮНДӨШТҮРҮҮ
КИНОФИ́ЛЬМДИ ҮНДӨШТҮРҮҮ – кино тасмадагы сөз, музыка жана башка түрдүү үндөрдү жазып алуу процесси. Кино тасманы үндөштүрүүдө үндөр кино тасманын сүрөтүнө дал келтирилип, тасма тартылгандан кийин жана тартылардан мурда жазылат. Үндү сүрөткө удаалаш дал келтирип жазуу процессинде кино тартуучу жана үн жазуучу аппараттар экөө тең бир электрметр аркылуу кыймылга келтирилет. Үн режимдин командасы аркылуу жазыла баштайт да, тартылуучу дублдин (пландын) баш жагына жана жазылуучу магнит тасмасына бир убакта белги коюлат. Мында жазылган үн актёрдун эрин кыбырашына дал келиши керек. Тасма тартылып бүткөндөн кийин үндөштүрүүдө тартылып бүткөн жана кураштырылган «жумушчу» позитив экранга түшүрүлөт да, аны карап турган актёрлор кыймылга жараша текстти дал келтирип сүйлөйт. Ал сөздөр магнит тасмасына жазылат. Бул метод синхрондоп сүрөткө удаалаш дал келтирип жазууга мүмкүн болбогон жерлерде колдонулат. Ушул ыкма менен кино тасма башка тилге да которулат. Кээде кино тасмалардын сөздөрү же үндөрү тартыла электе эле жазылып алынат да, кийин павильондордо ошол чыгарылган үнгө карата актёр өз ролун аткарат. Чыгармачылык жактан жакшы кадрлардан тасманын «жумушчу» позитиви түзүлөт. Магнит тасмасына жазылган фонограммалар да кураштырылат. «Жумушчу» позитив экранга көрсөтүлүп, ага дал келтирилип фонограммалары угузулат да, бардыгы бир магнит тасмасына түшүрүлөт. Кайталанып жазылгандан кийинки магнит тасмасы (магнит оригиналы) башка фотографиялык тасмага көчүрүлөт. Лабораториялык иштетүүлөрдөн кийин кино тасманын негизги фотографиялык фонограммасы алынат.