КИНОФЕСТИВАЛЬ
КИНОФЕСТИВА́ЛЬ – белгилүү программанын чегинде кино чыгармаларынын кароосу. Кинофестиваль ар кандай формада өтөт. Мелдештин салттуу түрү – Эл аралык кинофестивалдар (ЭКФ). Кинематографиясы өнүккөн өлкөлөр кино жетишкендиктерин көрсөтүү, анын андан аркы өнүгүү багытын аныктоо максатында өз тасмаларынын фестивалдарын уюштурушат. Айрым өлкөлөрдө тигил же бул темага, же белгилүү кино ишмерлерине арналган тасмаларды көрсөтүү да фестиваль деп аталат. Маданий жана эл аралык байланыштардын өсүшү жана кино ишмерлеринин өз ара маалымат алмашууга умтулуусу фестивалдын улуттук тасманы чет өлкөдө көрсөтүү сыяктуу түрүн белгиледи. Мындай кинофестивалдар он күндүк, цикл, кароо, айлык, жумалык, күн деген аталышта уюштурулат. Кинофестиваль – жалпы жана атайын (кинематографиянын жанры жана түрлөрү), сынак жана сынактан тышкары, эл аралык, улуттук жана жергиликтүү болуп бөлүнөт. Кинофестивалдын системасына (кино рыноктор, кино долбоорлор рыногу, сыйлыктарды тапшыруу, тасма тарткандар менен көрүүчүлөрдүн жолугушуусу, салтанаттуу премьералар, илимий жана пресс-конференциялар, кабыл алуулар, чеберчилик класстары, семинарлар, жана башкалар) кино искусствосун коомчулукка жеткирүү иш-чаралары кирет. Кинофестиваль. жылына бир жолу же эки жылда бир уюштурулат. Биринчи кинофестиваль Венецияда 1932-жылы өткөн. Канны (1946) жана Берлин (1951) фестивалдары таасирдүү деп эсептелип, жалпы профилдеги толук метраждуу тасмалардын Эл аралык кинофестиваль тобуна («А» классына) кирет. Ошондой эле кино өндүрүшүнүн ири борборлору – Локарно (1946), Карлови-Вари (1946), Сан-Себастьян (1953), Каир (1976), Токио (1985), Шанхай (1993) жана башка шаарларда өтүүчү Эл аралык кинофестивалдар менен бирге кыска метраждуу (Оберхаузен, 1935), анимациялык (Франция, 1960), эксперименттик (Роттердам, 1972) жана башка тасмалардын Эл аралык кинофестивалдары өткөрүлүп турат. СССРде биринчи кинофестиваль 1935-жылы Москвада өтүп, 1959-жылы кайрадан башталган (1972-жылы «А» классына кирген; 1999-жылга чейин эки жылда бир, кийин жыл сайын). Россияда ошондой эле даректүү, кыска метраждуу, ойномо жана анимациялык тасмалардын атайын сынактык көптөгөн кинофестивалдары өткөрүлөт. «Россия» улуттар аралык даректүү кинолордун ачык фестивалы [Бүткүл союздук кинофестиваль (БКФ) катары 1988-жылы өткөн], «Кинотавр» (1991, Сочи), «Киношок» (1992, Анапа, биринчи жолу «Авангард кинонун «Киношок» форуму» катары өткөн), Балтика жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн ачык фестивалдары (1995) өткөн. СССР мезгилинде кинофестивалдар Ташкентте (Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүнүн, 1968), Киевде («Молодость», 1970), Ригада («Арсенал», 1988), Алма-Атада («Евразия», 1998) жана башкаларда өтүп турган. Кыргыз кино ишмерлери да мындай фестивалдарга өз тасмалары менен үзбөй катышып турушат жана сыйлык алган тасмалар: «Ак илбирстин тукуму» (режиссёру Т. Океев, «Күмүш аюу», Берлин, 1985), «Ысык- Көлдүн кызгалдактары» (Б. Шамшиев ,Бүткүл союздук кинофестивалдын (БКФ) Атайын байгеси, Страсбург, 1973), «Ак кеме» Б. Шамшиев, Бүткүл союздук кинофестивалдын Чоң байгеси, Фрунзе, 1976, Бүткүл союздук кинофестивалдын «Альп алтын рододендрону» Гран- Приси, Тренто, Италия, 1977), «Жалаң эркектер» (А. Видугирис, «Дамасктын күмүш кылычы» Гран-Приси, 2-БКФ, Дамаск, 1981), «Бороондуу бекет» (Б. Карагулов, «Алтын камера» сыйлыгын, Берлин, 1996), «Саманчынын жолу» (Г. Базаров, Бүткүл союздук кинофестивалдын Атайын байгеси, Австрия, 2006), «Беш кемпир» (А. А. Кубат, «Кыргызфильм» – «Ное-Продксьон», «Күмүш кабылан», Локарно-Швейцария, 1998; «Кинотасмалардын күмүш кутучасы», Сингапур, 1998), «Айыл өкмөтү» (Э. Абдыжапаров, «Дидор» Эл аралык кинофестивалдын Гран-Приси, Дүйшөмбү, 2004; Эл аралык кинофестивалдын Мыкты режиссура үчүн байгеси, «Киношок», Анапа) жана башкалар. 2000-жылы Т. Бирназаров, Т. Ибрагимов, Б. Абдылдаев, М. Сарулу, М. Алыкулов жана башка кинорежиссёрлордун тасмалары Эл аралык кинофестивалдардын байгелерине арзыган. 2007-жылы Кыргызстанда Шанхай кызматташтыгы уюмуна кирген өлкөлөрдүн 1-Эл аралык кинофестивалы өткөрүлгөн. 2008-жылы бул кинофестиваль Азия, Европа, Америка континенттеринин 15тен ашуун мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен экинчи ирет уюштурулган.
Ад.: Плахов А., Под знаком F. Кинофестивали. М.,
2006; Төлөмүшова Г. Кыргызское кино в лицах. Б., 2009.
Г. Төлөмүшова.