КИНОКОМЕДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОКОМЕ́ДИЯ – кино искусствосунун бир түрү. Кинокомедияга турмуштагы айрым көрүнүштөрдү күл­күлүү кылып көрсөтүү мүнөздүү. Анын көптөгөн жанрдык формасы жана түрлөрү бар. Азыркы кинокомедияда коомдук жана моралдык маанилүү маселе­лерди көтөргөн сатиралык жана лирикалык эле­менттер камтылат. Дүйнөлүк кинокомедия искусствосунун өнү­гүшүнө белгилүү актёрлор А. Дид (Италия), Ч. Чаплин (Америка Кошмо Штаттары), Фернандель (Франция), М. Пу­говкин, Г. Вицин, Л. Гурченко, Е. Леонов, А. Миро­нов, А. Мягков, Л. Ахеджакова жана башкалар (Россия чоң салым кошкон. Кыргызстанда айрым көркөм тасмалардагы («Менин жаңылыштыгым», «Ар­ман», «Айыл өкмөтү» жана башкалар) Ш. Түмөнбаевдин, А. Шаршеновдун, К. Абыловдун комедиялык ролдору таасирдүү.